Курулуш компаниялар Бишкектин түштүк тарабындагы көчөсүн курулушун аяктап жатышат

Бишкектин түштүк тарабында Куттубаев көчөсүнүн курулушу аяктоодо. Бүгүнкү күндө асфальтбетон каптоосунун экинчи катмары төшөлүүдө, жакын арада иштер бүткөрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Бул жолдун курулушу түштүк пландоо зонасында көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу үчүн берилген жер участокторунун аянтына ылайык курулуш компаниялары тарабынан каржыланат.

Буга чейин бул маселе боюнча Куттубаев көчөсүн чыгыш тараптан Октябрь акимиаты, шаардык транспорт жана жол-транспорттук  инфратүзүмдү  өнүктүрүү департаменти менен бир тараптан жана экинчи тараптан курулуш компаниялары менен үлүштүк куруу боюнча меморандумга кол коюлган:

·         «Авангард Стиль КК» ЖЧКсы «Чемпси Елисей» турак жай комплекси;

·         «Елизавета КК» ЖЧКсы «Времена Года» турак жай комплекси;

·         «Эллас Строй» ЖЧКсы «Малина» турак жай комплекси;

·         «Эс Эф билдинг» ЖЧКсы «Арт-Сити», «Новый город», «Дискавери» турак жай комплекстери;

·         «Турпан Строй» ЖЧКсы «Асанбай Сити» турак жай комплекси;

·         ЖЧК «Кыргыз Каганат» КК «Ихлас» Асанбай Ордо турак жай комплекси;

·         «СК Голден Хаус» ЖЧКсы;

·         «Олимп Ботаник» ЖЧКсы;

·         «Залкар Строй» ЖЧКсы;

·         «Аю Премиум Курулуш» ЖЧКсы ж.б.

Бул меморандумда муниципалдык администрация уюштуруу маселелерин камсыздап, департамент техникалык көзөмөл жүргүзүп, курулуш долбоору курулуш компаниялары тарабынан каржыланары белгиленген.