Америкалык соода палатасынын мүчөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн жылдык жолугушуусу "AmCham GALA 2023"

Америкалык соода палатасы өзүнүн мүчөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн жылдык жолугушуусун “AmCham GALA 2023” жарыялайт. Иш-чара 2023-жылдын 1-декабрында саат 18:00дөн 22:00гө чейин Sheraton мейманканасынын Ball room залында өтөт, бул бизнес жана дипломатиялык коомчулук үчүн маанилүү окуя болууга үмүттөнөт.

“AmCham GALA 2023” дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн башчылары, Кыргызстандагы алдыңкы компаниялардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жогорку даражалуу мамлекеттик кызматкерлери, ошондой эле Палатанын мүчөлөрү менен өнөктөштөрү чогулат. Үч жылдан бери биринчи жолу өткөрүлүп жаткан бул иш-чара бул мезгилдеги жетишкендиктерге баа берүү жана коноктор менен ийгиликтүү долбоорлор менен бөлүшүү үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болуп саналат.

Аткаруучу директор Айсулуу Сыдыгалиева күтүлүп жаткан жолугушууга кубанычын билдирди: “Биз үч жылдык жетишкендиктер менен бөлүшүү жана көңүлдүү убакыт өткөрүү үчүн жаңы жана эски достор менен жолугушууну чыдамсыздык менен күтөбүз!”

Кеченин алкагында “AmCham Awards – 2023” сыйлык тапшыруу аземи ар кандай чөйрөлөрдөгү көрүнүктүү жетишкендиктерди таануу үчүн иштелип чыккан “Жылдын мыкты иш берүүчүсү”, “Коомдун байгерлик үчүн иштөө”, “Жылдын насаатчысы”, Инновациялар жана технологиялардагы жетишкендиктер”, “Жылдын ачылышы”, “Кардарларга багытталган бизнес лидери”, “Жашыл лидер”, “Жылдын командасы” жана “Жылдын өнөктөшү” 9 номинация боюнча өтөт.

Иш-чараны «Платина» демөөрчүсү – «Кант ТШП» ЖЧКсы жана Gold демөөрчүсү – «Бакай Банк» ААК тарабынан колдоого алынган. Ошондой эле иш-чаранын өнөктөштөрүнүн арасында Optima Bank, Borusan Cat Кыргызстан, World Class, Altyn Jewellery Holding, Amanat Asia, "Кыргызский ювелирный завод "Алтын" ЖчКсы, Pena, Hyatt Regency Bishkek, M-Vector, Park Hotel, KFC “Фуд Дрим” ЖчКсы, Sheraton Bishkek, Forester, Coca-Cola Bishkek Bottlers ЖАКы, Abdysh Ata, Herbalife Nutrition жана Sierra.

Кыргызстандагы Америкалык соода палатасынын жаңы мүчөлөрү AmCham GALA 2023 иш-чарасында тартууланат. АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери мырза жана Кыргыз Республикасындагы Америка соода палатасынын директорлор кеңешинин төрагасы Назира Бейшеналиева жаңы мүчө компанияларга мүчөлүк сертификаттарын тапшырышат. Палата 2023-жылы 30дан ашык жаңы мүчөлөрдү кошуп, мүчө компаниялардын жалпы санын 111ге жеткирди. Америкалык Соода палатасы жаңы мүчөлөрдү кубаттап жана келечекте жемиштүү кызматташууну чыдамсыздык менен күтөт.

Социалдык тармактарда иш-чаранын анонсу: Инстаграм, Фейсбук.