Кыргызстандык экспортерлор түркиялык Happy Center соода тармагынын ээси менен жолугушат

Кыргызстандык экспортерлор түркиялык Happy Center соода тармагынын ээси менен 30-ноябрда жолугушат. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

Такталгандай, жолугушууда Happy Center соода тармагынын ээси атамекендик экспортерлордун ортосунда кыргыз продукциясын Түркиянын соода текчелерине жеткирүү боюнча талкууланат.

Жолугушуу 2023-жылдын 30-ноябрында саат 14:00дө КРнын Түркиядагы Соода өкүлчүлүгү Happy Center соода тармагынын Явуз Алтун мырзанын кыргызстандык экспортчулар менен жолугушуусун өткөрүүнү уюштурууда.

B2B жолугушуусунун негизги максаты Happy Center соода тармагына ата мекендик товарларды жеткирүү боюнча меморандумдарды түзүү болуп саналат.