Чүй менен Жалалабаддын ишкерлери 447 млн сомго кепилдик алышкан

2023-жылдын 10 айында Кепилдик фондунун дээрлик 1.8 млрд сомдук кепилдиктери аймактардагы ишкерлерге 5.1 млрд сомдон ашык кредиттик каражаттарды алууга мүмкүндүк берди. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

 Үстүбүздөгү жылдын 10 айындагы талдоолордун жыйынтыгы көрсөткөндөй, эң көп кредит – 1.7 млрд сомдон ашык Чүй облусунун ишкерлерин бул көрсөткүч боюнча алдыңкы орунда. Кепилдиктердин суммасы 447 млн сомду түздү.

354 млн сом кепилдик каражаттар аркылуу 829 млн сом алынган кредиттик ресурстар менен Жалал-Абад облусу Чүй облусунан кийин экинчи орунда турат.

 Эң көп кредит алган лидерлердин ичинен 180 млн сомдук кепилдик менен 668 млн сом кредит алышкан Ысык-Көл облусунун өкүлдөрү үчүнчү орунду ээледи.

 Алдыңкы үчтүктөн кийинки калган аймактар ​​төмөнкү тартипте жайгашкан: 

·      Ош облусу - 238 млн сомдук кепилдик менен 554 млн сомдук кредиттерди ала алышты;

·      Талас облусу – кредиттер – 453 млн сом, кепилдиктер – 198 млн сом;

·      Баткен облусу – кредиттер - 379 млн сом, кепилдиктер – 164 млн сом;

·      Нарын облусу – кредиттер - 240 млн сом, кепилдиктер - 90 млн сом.