“Дордой-моторс” базарынынын митингчилери баш калаанын мэри менен жолукту

Базардын соодагерлери менен шаар мэри Айбек Джунушалиев жана базардын ээси Аскар Салымбеков жолугушту. Ишкерлердин талаптарын уккан муниципалитеттин башчысы андан ары талкууну Ленин администрациясына чакырды. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Ишкерлердин өкүлдөрү менен сүйлөшүү учурунда Айбек Джунушалиев бир катар митингчилердин бул маселени сүйлөшүү үстөлүндө талкуулоо тууралуу пикирине макул болду.

Кеңешмеге Ленин районундагы дээрлик бардык базарлардын профсоюз уюмдарынын өкүлдөрү катышты.

Эске сала кетсек, бүгүн базардын соодагерлери кассалык аппараттарды жоюп, патент киргизүүнү талап кылып митингге чыгышкан.