Ошто “Атабек” кафесинин кошумча курулушу бузулду

Ош шаарынын Ленин көчөсү менен Лермонтов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан “Атабек”кафесине кошумча курулган курулушу алынды. Бул тууралуу Мамкурулуш билдирди.

Кошумча курулушту өз эрки менен бузуп, жер тилкени баштапкы калыбына келтирүү боюнча объект ээсине талаптар коюлган.

Коюлган талапты кафенин ээси кабыл алып, өз билемдик менен курулган кошумча курулманы бузуп, жалпы пайдалануудагы жерди бошотту.