Салык кызматы мобилдик тиремесин ишке киргизди

Мамлекеттик салык кызматы Salyk.kg мобилдик тиремесин ишке киргизди. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Тиркеме "Салык төлөөчүнүн жеке кабинетинин" мобилдик версиясы болуп саналат.

Мобилдик тиркеме Cabinet.salyk.kg “жеке кабинетинин” веб-версиясында катталган жана иштеген салык төлөөчүлөр үчүн жеткиликтүү.

Тиркеменин жардамы менен колдонуучулар онлайн режимде төмөнкүлөрдү жүргүзө алышат:

·         салыктарды төлөөнү;

·         электрондук патентти жана камсыздандыруу полисин тариздөөнү;

·         электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар менен иштөөнү;

·         карыздын же ашыкча төлөмдүн бар экендигин текшерүүнү;

·         салык отчетторун нөлдүк көрсөткүчтөр менен тапшырууну;

·         салык органдарынан маалымкат алууга суроо-талап жиберүүнү;

·         катталган мүлк жөнүндө маалыматтарды алууну.

Salyk.kg тиркемесин Google Play аркылуу жүктөп алууга болот, ал эми App Store версиясы жакынкы убакта жеткиликтүү болот.