Кепилдик фонду жаңы продукцияны ишке киргизди

«Кепилдик фонд» ААК жаңы продуктуну – алдын ала кепилдикти пилоттук түрдө киргизди. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Күрөөлүк камсыздоо жетишсиз болгон учурда, алдын ала берилген кепилдик ишкерге керектүү кредиттин суммасын алууга мүмкүндүк берет.

Жаңы кепилдик продукт бир катар артыкчылыктарга ээ, алардын эң негизгиси кардардын бизнесине экинчи жолу финансылык анализ жүргүзүүнүн зарылдыгы жок. Мындан тышкары, каржылоону кароонун мөөнөтү кыскарган.

Алдын ала берилген кепилдикти алуу үчүн ишкер Кепилдик фондуна кайрылуусу керек, анда кызматкерлер бизнестин финансылык анализин жана күрөөгө көз карандысыз баа беришет.

Бизнести талдоо аяктагандан кийин, эгерде кардардын бизнеси негизги талаптарга жооп берсе, Кепилдик фонду ишкердин атына белгилүү бир суммага Сертификат берет.

Бул Сертификат Кепилдик фондунун кепилдиги болуп саналып жана кардарга Кепилдик фонддун өнөктөшү болгон финансылык-кредиттик уюмда пайдалануу укугун берет.

Кредит жактырылгандан кийин финансылык мекеме, Кепилдик фонд жана кардар ортосунда тиешелүү келишимдер түзүлөт. Ишкердиктин түрүнө жараша кардар 2 же 2,5% кепилдик төлөмдү төлөп, керектүү кредиттин суммасын алат.

Толук маалымат 0312 66-04-94; 0999-77-40-70 же www.gf.kg сайтында