Веткөзөмөл мал союлуучу жайларды текшерди – жыйынтыктар

Бүгүнкү күндө бардык район жана шаарларда мал базарларга жана мал союлуучу жайларга текшерүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Ветеринардык кызматтын райондук жана шаардык ветеринардык

Башкармалыктарды мал базарга, мал союучу жана эт сатуучу жайларга, мал ташыган жана эт ташуу менен алектенген (авторефрижатор) автоунааларга ветеринардык коштомо документтери, кулак биркасы жок ири мүйүздүү малдар, чипи жок жылкылар текшерилип төмөндөгүдөй иш-чаралар болуп өттү.

Райондук/шаардык ички иштер башкармалыктарынын кызматкерлери

менен бирге 99 пост уюштурулуп, төмөнкүлөр аныкталды:

• ветеринардык коштомо документтери жок – 1348 мал;

• биркасы жок – 741 ийри мүйүздүү мал;

• чипи жок – 418 жылкы;

• мал союлуучу жайларга коштомо документтери жок – 57.

Жогорудагы көрсөтүлгөн кемчилдиктерди болтурбоо максатында 181

көрсөтмө жазылды.