Бишкекте мыйзамсыз объектилер бузулууда

Бишкектин Ахунбаев көчөсү, 100 дарегинде соода объекти түрүндөгү кеңейтүү буздурулду. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Жеринде борбор калаанын мэриясынын кызматкерлери, «Бишкекбашкыархитектура» МИ, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте иш алып барууда.

Иштин жүрүшүндө, 40 чарчы метр муниципалдык аймак бошотулду. Буга чейин жогоруда аталган объектинин ээсине мыйзам бузууларды жоюу тууралуу билдирүү берилген. Ахунбаев көчөсү, 96/2 дарегиндеги «Ак түн» мейманканасынын жанында орнотулган 25 метр темир тосмо алынды.

Мындан тышкары, Октябрь райондук прокуратурасынын буйругунун негизинде, жалпы аянты 98 чарчы метрди түзгөн темир тосмо алынган.

Буга чейин жетекчилик тарабынан комиссиялык кароо жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотулган орнотуулардан, ошондой эле учурдагы мыйзам нормаларын бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан тазалоо боюнча эскертүү кагазы берилген.

Тыналиева көчөсү, 2/18 дарегиндеги 175 чарчы метр «Бонус» дүкөнү ээси тарабынан өз ыктыяры менен буздурулууда.