Нарында соода комплекстеринде ижара акысы арзандатылды

Нарын облусунун ири соода-базар комплекстеринин ээлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, жыйынтыгында соода жайларынын ижара акысын 20%дан 50%га чейин төмөндөтүү макулдашылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тактап айтканда, соодагерлер үчүн ижара баасын төмөндөтүү чечими Нарын облусундагы төмөнкү соода-базар комплекстеринин администрациялары тарабынан кабыл алынды:

- “Абдырай-Ата” СБКсы (Нарын шаарындагы ун базары), Р.Ашымжановага катталган;

- “Береке” СБКсы (Нарын шаарындагы бут кийим базары), А.Медербековго катталган;

- “Он-Арча” СБКсы (“Мукаш-Ата” ЖЧКсы, Нарын шаары), О.Акбагышевага катталган;

- “Мегакомфорт” СБКсы (Нарын ш.), Ч.Асановага катталган;

- “Эки-Нарын” СБКсы (Нарын), А.Адучуевага катталган;

- “Чойбек-Ата” СБКсы (Нарын), Ж.Диканбаевага катталган;

- “Чолук-Ата” СБКсы (Нарын ш.), Ж.Тентимишовго катталган;

- “Өсей-Ата” СБКсы (курулуш материалдары, Нарын ш.), Т.Женчороевге катталган;

- “Чолпон” СБКсы (Нарын), К.Нааматовага катталган;

- “Теңир-Тоо” СБКсы (Нарын), Н.Данияровага катталган;

- Жеке ишкер “Бейшенбеков Болот” кийим-кече базары (Кочкор районунун борбору), Б.Бейшенбековго катталган;

- “Алтын-Ордо” соода борбору (Кочкор районунун борбору), ээси М.Асакеев;

- Жеке ишкер “Ибраев Каныбек” кийим базары (Кочкор районунун борбору), К.Ибраевге катталган;

- Жеке ишкер “Жанузаков Сагынбек” кийим-кече базары (Кочкор районунун борбору), С.Жанузаковдун наамына катталган;

- “Дордой” мал базары (Ат-Башы айылы, Ат-Башы району), тең негиздөөчүсү Н.Жоломанов;

- “Береке” СБКсы (Ат-Башы районунун Ат-Башы айылы), Ж.Айтбаевге катталган;

- “Ак-Жолтой” СБКсы (Ат-Башы районунун Ат-Башы айылы), директору Н.Мамажанов;

- Жеке ишкер “Оторбаева Сатынбүбү” (Жумгал районунун Куйручук айылындагы мал базары), директору Б.Турумбеков;

- “Керек-Жарак” СБКсы (Баетов айылы, Ак-Таалы району), ээси Б.Сагындыкова.

- жана башка.

Ошону менен бирге, Чүй облусундагы соода-базар комплекстеринин ээлери базарлардын инфраструктурасын жакшыртуу менен бирге, базарларда соода кылган карапайым ишкерлерге тиешелүү шарттарды түзүп, алардын каржылык жүгүн жеңилдетүү максатында контролдук-кассалык машиналар (ККМ) менен акысыз камсыз кылышат (Нарын облусунда 2383 ККМ катталган, патенттин негизинде 894 ишкер ишин улантууда)