> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Суу базарынын соодагерлеринен акча талап кылган салыкчылар кармалды
- URL: https://im.kg/biznes/2023/12/18/kara-suu-bazarynyn-soodaghierlierinien-akcha-talap-kylghan-salykchylar-karmaldy/
- Published: 2023-12-18T06:25:56.000Z
- Updated: 2023-12-18T06:25:55.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**УКМКти салык инспекторлору тарабынан дагы бир системалуу түрдө опузалап акча талап кылуу жана Кара-Суу базарынын ишкерлеринин жана соодагерлеринин патентин төлөөгө багытталган акча каражаттарын ыйгарып алуудагы туруктуу коррупциялык схеманы токтотту. Бул тууралуу мекеме билдирди.**

Ушул жылдын 15-декабрында ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Кара-Суу районунун базарларын көзөмөлдөгөн төрт салык инспектору Т.А., Э.А., У.Б. жана А.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Кара-Суу районунун базарларында чекене жана дүң соода менен алектенген ишкердик субъекттеринен акча каражаттарын өндүрүү кылмышы Салык кызматынын кызматкерлери тарабынан штаттык эмес кызматкерлерди колдонуу аркылуу жасалып турган. Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери ишкерлерди патент жана башка салык төлөмдөрүн төлөөгө көмөк көрсөтөбүз деп алдоо жолу менен аларды ишендирип, иш жүзүндө алардын каражаттарын өздөрүнө ыйгарып алып турушкан.

УКМК соода базарларын көзөмөлдөгөн кызматтардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу иштерин улантууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/12/WhatsApp-Image-2023-12-18-at-11.31.52.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/12/WhatsApp-Image-2023-12-18-at-11.31.53--1-.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/12/WhatsApp-Image-2023-12-18-at-11.31.53.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/12/WhatsApp-Image-2023-12-18-at-11.31.54.jpeg)