Баткенде көмүр саткан ишкерлерге айып пул салынды

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Баткен шаарында көмүр сатуучу жайларга мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө көмүрдүн максималдуу деңгээли Баткен шаарында жана Баткен районунда Сүлүктү көмүрү тангакталганы 1 кг. 9,5 сомдон жана 1 тн. 9000 сомдон, ал эми жергиликтүү көмүрдүн 1 тн. 7000 сомдон белгиленгени жөнүндө маалыматтар айтылып, ишкерлерге кышкы жылуулук берүү мезгилинде көмүрдүн жөнгө салынган баасында туруктуу кармоо жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө керектиги  түшүндүрүлдү.

  Мониторингдин жыйынтыгында Баткен шаарынын Курманжан Датка көчөсүндөгү көмүр сатуучу 3 жеке ишкерге Сүлүктү көмүрүн белгиленген баадан жогорулатып саткандыгы үчүн ар бирине 3 000 сомдон жалпы 9 000 сом айып пул салынды.