Бишкектин Орто-Сай базарында 40 башаламан соода түйүнү жоюлду

Бишкектин Октябрь акимчилигинин кызматкерлери Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башкармалыгы менен биргеликте Юнусалиев көчөсү менен Сүйөркулов көчөсүндөгү Орто-Сай базарынын айланасында рейд жүргүзүп, 40 башаламан соода түйүнүн  жойду. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Көчө соодасынын зыяндуулугу жана алдын алуу боюнча ишкерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүздүк.

Мындан сырткары өрт коопсуздугун чыңдоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, рейддерОрто-Сай базарында, Ынтымак-2 эс алуу багында, Көк-Жар кичирайонунда жана Сүйөркулов, Юнусалиев көчөлөрүндө өткөрүлдү.