5 миңден ашуун салык төлөөчү Salyk.kg мобилдик тиркемесин колдонууда

Акыркы эки жумада 5 миңден ашуун салык төлөөчү Salyk.kg мобилдик тиркемесин жүктөп алып, активдүү колдоно башташты. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

Эске салсак, 2023-жылдын декабрь айында Мамлекеттик салык кызматы Salyk.kg. тиркемесин ишке киргизген.

Мобилдик тиркеме Cabinet.salyk.kg “жеке кабинетинин” веб-версиясында иштеген салык төлөөчүлөр үчүн жеткиликтүү.

Тиркеменин жардамы менен колдонуучулар онлайн режимде төмөнкүлөрдү жүргүзө алышат:

·         салыктарды төлөөнү;

·         электрондук патентти жана камсыздандыруу полисин тариздөөнү;

·         электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздар менен иштөөнү;

·         карыздын же ашыкча төлөмдүн бар экендигин текшерүүнү;

·         салык отчетторун нөлдүк көрсөткүчтөр менен тапшырууну;

·         салык органдарынан маалымкат алууга суроо-талап жиберүүнү;

·         катталган мүлк жөнүндө маалыматтарды алууну.

Salyk.kg тиркемесин Google Play жана App Store аркылуу жүктөп алууга болот.