“Дордойдо” кошумча салык тейлөө пункттары ачылды – даректер

Бишкектин Свердлов районунда, «Дордой» соода жана оюн-зоок комплексинин аймагында ишкерлерге кошумча ыңгайлуулук түзүү максатында 8 салык кызматынын бөлүмдөрү иштей баштады. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди.

Ошондой эле кардарлар менен иштөө үчүн инспекторлор дайындалган.

Эми ишкерлер "Дордой" соода жана оюн-зоок комплексинин патенттерин төлөө үчүн төмөнкү даректерге кайрылса болот:

·         «Дордой Базары» ЖЧКсынын базар администрациясы, борбордук кире бериште;

·         «Дордой базары» ЖЧКсынын салык кызматынын филиалы (мечиттин жанында);

·         «Алкан Базары» ЖЧКсынын салык кызматынын филиалы;

·         «Дордой Азия» ЖЧКсынын базар администрациясы (Джунхай), 2-кабат, 207-кабинет;

·         «Форт Оберон» ЖЧКсынын базар администрациясы, 2-кабинет;

·         «Альмаматр» ЖЧКсы (Кербен), 24-катар, профсоюздук кеңсе;

·         «Долон-Дордой» ЖЧКсынын («Дордой автотетиктери») базарынын администрациясы, 2-кабат;

·         «Ак-Суу» ЖЧКсы, профсоюздук кеңсе, Ак-Суу базарынын администрациясынын жанында.

Мындан тышкары, салык төлөөчүлөр https://salyk.kg шилтемеси аркылуу катталып, «Жеке кабинетке» кире алышат.