> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто "Миллион" ири соода жайына айып пул салынды
- URL: https://im.kg/biznes/2023/12/21/oshto-million-iri-sooda-zhaiyna-aiyp-pul-salyndy/
- Published: 2023-12-21T06:00:09.000Z
- Updated: 2023-12-21T06:00:11.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**Соцтармактарда Ош шаарында “Миллион” супермаркетинде нандын баасы кымбат деген маалымат жарыяланган. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.**

Такталгандай, Ош шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери ыкчам чара көрүү максатында 2023-жылдын 20-декабрь күнү Ош шаарынын Абдыкадыров көчөсү, 172а дарегинде жайгашкан “Миллион” супермаркетине мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө 290гр салмактагы тандыр наны 32 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, белгиленген баадан 3 сомго жогору сатылып жаткан.

Ош шаары боюнча бөлүмдүн 2023-жылдын 9-октябрындагы “Ош шаары боюнча 90 календардык күнгө 1-сорттогу буудай унунан жасалган нандын (бөлкө нан), нан азыктарынын (тандыр нан) чекене бааларынын максималдуу децгээлин белгилөө жөнүндө” №9 сандуу буйруктун талабы боюнча 290 грамм салмактагы тандыр наны - 29 сомдон сатылуусу зарыл.

Буйруктун талаптарын аткарбагындыгы үчүн “Миллион” супермаркетинин ээсине Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 290-беренесинин 1-пунктуна ылайык 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.