Ошто "Миллион" ири соода жайына айып пул салынды

Соцтармактарда Ош шаарында “Миллион” супермаркетинде нандын баасы кымбат деген маалымат жарыяланган. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы билдирди.

Такталгандай, Ош шаары боюнча бөлүмдүн кызматкерлери ыкчам чара көрүү максатында 2023-жылдын 20-декабрь күнү Ош шаарынын Абдыкадыров көчөсү, 172а дарегинде жайгашкан “Миллион” супермаркетине мониторинг жүргүзүштү. Мониторингдин жүрүшүндө 290гр салмактагы тандыр наны 32 сомдон сатылып жаткандыгы аныкталды.

Тактап айтканда, белгиленген баадан 3 сомго жогору сатылып жаткан.

Ош шаары боюнча бөлүмдүн 2023-жылдын 9-октябрындагы “Ош шаары боюнча 90 календардык күнгө 1-сорттогу буудай унунан жасалган нандын (бөлкө нан), нан азыктарынын (тандыр нан) чекене бааларынын максималдуу децгээлин белгилөө жөнүндө” №9 сандуу буйруктун талабы боюнча 290 грамм салмактагы тандыр наны - 29 сомдон сатылуусу зарыл.

Буйруктун талаптарын аткарбагындыгы үчүн “Миллион” супермаркетинин ээсине Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулар жөнүндө” Кодексинин 290-беренесинин 1-пунктуна ылайык 3000 (үч миң) сом өлчөмүндө айып пул салынды.