«Кашкулак» тоо лыжа базасы расмий ачылды

2023-жылдын 23-декабрында Кашка-Суу аймагындагы "Кашкулак" тоо лыжа базасы расмий ачылды. Бул тууралуу Туризм департаменти билдириди.

“Кашкулак” тоо лыжа базасынын лыжа трассына чыгуу үчүн узундугу 950 метрлик асма жолу бар (канатная дорога).

Белгилей кетсек, эс алуучулардын карамагында эки лыжа аянтчасы бар: биринчисинин батыш тарабында, узундугу 1600 метр, экинчиси чыгыш тарабында, узундугу 1550 метр. Саатына 2 миң кишиге чейин тейлөө мүмкүнчүлүгү базанын жогорку өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көрсөтө алат. Түнкү жарык жана кар генераторлорунун жардамы менен күнү-түнү лыжа тебүү мүмкүнчүлүгү да бар.