Лебединовкада «Евразия» соода борбору ачылды – дареги

2023-жылдын 23-декабрында “ЕВРАЗИЯ” соода борбору ачылды. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.

“ЕВРАЗИЯ” соода борбору төмөнкү багыттарда иш жүргүзөт:

·         товар рыногунун (товар алмашуу) субъекттеринин ортосунда бартердик мамилелерди уюштуруу;

·         товардын түз акчалай эмес алмашуусу, мында товар рыногунун субъекттери маанилүүлүгү жана наркы (баасы) боюнча эквиваленттүү бир же бир нече түрдөгү товарлардын белгилүү көлөмүн алмаштыруу;

·         чекене/дүң адистештирилбеген соода жүргүзүү (онлайн, оффлайн);

·         онлайн аянтчаны уюштуруу (соода системасы).

Жалпысынан алганда, “ЕВРАЗИЯ” борбору онлайн жана оффлайн платформаларын айкалыштырган чекене жана дүң сооданын кеңири спектрин сунуштап, онлайн соода же салттуу дүң алмашууда керектүү нерсени табууга уникалдуу мейкиндикти түзөт.

Соода борборунун жайгашкан дареги: Аламүдүн району, Лебединовка а., Жеңиш проспектиси 287.