> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Лебединовкада нандын баасына мониторинг жүргүзүлдү
- URL: https://im.kg/biznes/2023/12/25/liebiedinovkada-nandyn-baasyna-monitoringh-zhurghuzuldu/
- Published: 2023-12-25T07:20:05.000Z
- Updated: 2023-12-25T07:20:04.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Лебединовка айылында мониторингдин жүргүзүштү. Бул тууралуу мекеме билдирди.**

Мониторинг учурунда 280 граммдык тандыр наны 30 сомдон же болбосо белгиленген баадан 2 сомго чейин кымбат сатылып жаткандыгы аныкталды.

Жыйынтыгында Укук бузуулар Кодексинин 290-беренесинин негизинде 3000 сом айып пул салынды.

Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери менен кайрадан берилген эскертүүлөрдүн аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүүнү улантат.