Лебединовкада нандын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери Лебединовка айылында мониторингдин жүргүзүштү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Мониторинг учурунда 280 граммдык тандыр наны 30 сомдон же болбосо белгиленген баадан 2 сомго чейин кымбат сатылып жаткандыгы аныкталды.

Жыйынтыгында Укук бузуулар Кодексинин 290-беренесинин негизинде 3000 сом айып пул салынды.

Чүй облустук бөлүмүнүн кызматкерлери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана райондук мамлекеттик администрациялардын кызматкерлери менен кайрадан берилген эскертүүлөрдүн аткарылышы боюнча мониторинг жүргүзүүнү улантат.