Кыргызстанда алты суу тилке балык өндүрүү үчүн пайдаланууга берилди

Кыргызстандагы көлмөлөрдү жана суу тилкелерин балык чарба ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн пайдаланууга берүү боюнча сынактын жыйынтыгы чыгарылды.Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сынакка алты суу тилкеси коюлган. Жалпысынан 12 юридикалык жана жеке жактар сынакка катышуу үчүн арыздарын жана документтерин тапшырган. Критерийлердин жана баалоонун негизинде, эң жогорку упай алган төмөнкү катышуучулар көрсөтүлгөн суу тилкелеринде балык өстүрүшөт:

  • "Абер" ЖЧКсы — Токтогул суу сактагычынын №3 (1) тилкеси;
  • Бакытбек уулу А. — Токтогул суу сактагычынын №3 (2) тилкеси;
  • "Максимум фиш" ЖЧКсы жана "Грин вижн Азия" ЖЧКсы — Токтогул суу сактагычынын №3 (3) тилкеси;
  • Токторалиев Д.Э. — Таш-Көмүр суу сактагычынын тилкеси; 
  • "Алтай корп" ЖЧКсы — Күрпсай суу сактагычынын тилкеси;
  • Ишеналиев Н. — Чүй облусунын Чүй айыл аймагындагы 1-балык чарба көлмөсү.