"Уста" базарынын коммерциялык директору ижарачылардан мыйзамсыз акча чогулткандыгы үчүн кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) "Уста" курулуш материалдар базарында ижара келишиминде каралбаган ижарачылардан мыйзамсыз акча өндүрүү, ошондой эле өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактыларын аныктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, базардын коммерциялык директору алдоо жолу менен ар бир ижарачыдан 5 миң сомдон 50 миң сомго чейин ай сайын мыйзамсыз ижара акысын алып турган.

Мындан тышкары, ижара акысын 30% кыскартуу боюнча түзүлгөн келишимдерге карабастан, базардын администрациясы алдамчылык жол менен ижарачылардан кошумча акча чогултууну уланткан. Ошондой эле жеке ижарачылар менен ижара келишими да түзүлгөн эмес.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын негизинде 7-январь күнү "Уста билдинг" ЖЧКсынын коммерциялык директору М.М.М кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.