Камчыбек Ташиев KG Group компаниясынын жетекчиси мамлекеттик төңкөрүш уюштургусу келгенин айтып чыкты

KG Group курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташов мамлекеттик төңкөрүш кылууга аракет кылган. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин 10-январдагы жыйынында билдирди.

Ташиевдин айтымында, ал Имамидин Ташовдун видеосу тууралуу президент Садыр Жапаровдон уккан. Видеодо Ташов  УКМК кызматкерлери андан 100 млн сом талап кылгандыгын айтып чыккан.

УКМКнын башчысы бир үйдүн жашоочулары ага кайрылып, Ташовго карата чара көрүп берүүнү өтүнүшкөнүн билдирди. Имамидин Ташов менен сүйлөшүү учурунда анын күнөөсү анык болуп чыккан.

"Биз аны камаганбыз. Ал бизге эмес, Бишкек шаарына келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында 52 млн сом төккөн. УКМК кызматкерлери менден ушунча акча каражатын сурады деп жатат. Биз анын СИЗОдо отуруп алып Тилекмат Куренов менен сүйлөшүүсүн жаздырып алганбыз. Анда алар мамлекетик төңкөрүш тууралуу сүйлөшүп жатышат. Бир нече күн сүйлөшүштү, биз ага карабастан келтирген зыянды толук толтуруп бергени үчүн Ташовду СИЗОдон чыгардык", – деп билдирди.

УКМК төрагасы учурда курулуш компаниясынын башчысы Имамидин Ташовго издөө жарыялангандыгын билдирип, ал учурда башка мамлекетте жүргөндүгүн кошумчалады.

"Биз аны өлкөдө төңкөрүш уюштурууга даярдагандыгы үчүн бүгүн болбосо да, эртең сөзсүз кармап, жоопко тартабыз", —деди Ташиев.