"Кулун-Ата" базарынын жетекчилиги ижара акысын 30%га түшүрөт

Кулун-Ата базарынын жетекчилиги соодагерлердин ижара акысын 15тен 30%га чейин арзандатууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

УКМК базардагы соодагерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүү жана ижара акысын төмөндөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Кулун Ата базарынын жетекчилигин жана ишкерлерин жыйынга чакырды.

Жыйындын жүрүшүндө мурда ижара баасы 10%га арзандатылганы аныкталган. Бирок бул соодагерлердин нааразычылыгын жараткан. Андан соң аталган базардын соодагерлер профсоюзунун төрагасы Р.Исамидинова соодагерлердин ижара акысын 15тен 30%га чейин арзандатуу өтүнүчү менен видео кайрылуу жасаган.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен видеокайрылуу жасаган жарандардын талаптары толугу менен канааттандырылып, базар жетекчилиги соода жайларынын ээлеринин да, ижарачылардын да ижара акысын төмөндөтүүгө даяр экенин билдирди.