Ошто өзбекстандык өндүрүүчүлөрдүн эмерек шоуруму ачылат

Кыргызстандын түштүгүндө өзбекстандык эмерек өндүрүүчүлөрдүн шоуруму ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу Өзбекстан Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарына Өзбекстандан 20дан ашык ишкерлерден турган делегация келген. Алар "Мегаполис" соода борборунун жетекчилиги менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүү максатында шаарда эмерек салонун ачууга ылайыктуу жайлардын варианттарын карап чыгышкан.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар "Мегаполис" соода борборунун аймагында шоурум ачуу маселесин иштеп чыгууга макулдашышты.