> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Салык кызматы ишкерлерди онлайн каттоо кызматын ишке киргизди — нускама
- URL: https://im.kg/biznes/2024/01/11/salyk-kyzmaty-ishkierlierdi-onlain-kattoo-kyzmatyn-ishkie-kirghizdi-nuskama/
- Published: 2024-01-11T07:04:59.000Z
- Updated: 2024-01-11T07:04:59.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү онлайн каттоо кызматын ишке киргизди. Бул тууралуу органдын басма сөз кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, эми ишкерлер жеке ишкер же жеке жак катары катталуу үчүн салык органына барбай туруп[**сabinet.salyk.kg** ](https://cabinet.salyk.kg/account/login?ReturnUrl=%2F)сайтынан эле арыз бере алышат.

> Каттоого арыз түзүү үчүн аталган сайттын "**Каттоо**" бөлүмүн тандап, андан кийин "**Салык төлөөчүнү каттоого онлайн арыз берүү**" бөлүмчөсүнөн идентификациялоо жол-жобосунан өтүү керек.

Бул үчүн төмөндө көрсөтүлгөн үч ыкманын бирин колдонууга болот: идентификациялоонун бирдиктүү системасын (ЕСИ); электрондук цифралык кол тамганы (ЭЦП); Smart-iD KG.

> [**Cabinet.salyk.kg**](http://cabinet.salyk.kg/)сайтынын "**Каттоо**" бөлүмүнөн эле арыздын статусун көрүп, жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктү басып чыгарууга болот. Күбөлүк арыз берилген күндөн тартып 3 жумушчу күндүн ичинде берилет.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2024/01/5.png)