Баткен облусунда жабыркаган ишкерлердин имараттары калыбына келтирилди

2024-жылдын 10-11-январында Экономика жана коммерция министрлигинин кызматкерлери Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндө болушту. 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусундагы жабыркаган ишкерлерди колдоонун учурдагы абалы менен таанышуунун алкагында Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагы жана Баткен шаарынын ишкерлери менен жолугушту.

Түздөн-түз жардам алган, кыйынчылыктарды баатырларча жеңип, бир топ ийгиликтерге жетише баштаган жергиликтүү тургундар жана ишкерлер менен да жолугушту. Тактап айтканда, Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Интернациональный айылында жайгашкан «Достук» базары куралдуу кагылышуу учурунда талкаланган. 2023-жылга чейин бул соода комплекси толугу менен калыбына келтирилип, иштеп жатат.

«Достук» базарында соода кылган ишкерлер Махбуба Эгембердиева, Закир Бахавидтинов жана башка ишкерлер 300 миң сомдон акчалай компенсация алуу, ошондой эле 1 млн сомдон 5 млн сомго чейин пайызсыз ссуда алууга көмөктөшүү тууралуу айтып беришти.

Лейлек районунун Арка айылындагы кыргыз-тажик чек арасында жайгашкан ишкер Кыдырбек Айбалаевдин соода комплекси да толугу менен талкаланган. Бирок ишкер токтогон жок. Бир жылдын ичинде мамлекеттен 5 млн сом үстөксүз ссуда жана 300 миң сом ссуда алып, соода комплексин толук калыбына келтирип, алтургай бизнесин кеңейткен.

Бүгүнкү күндө Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы ишкерлерге өз убагында көрсөтүлгөн жардамдар өз жемишин берип жатат. Кулунду айыл өкмөтүнө караштуу Интернациональный айылындагы “Достук” базары толугу менен калыбына келтирилип, ишкерлер соода кылууда. Ушул эле райондун Жаңы-Арык айыл өкмөтүнө караштуу Арка айылында ишкерлер тарабынан имараттарды оңдоо иштери аяктады. Баткен шаарында жабыркаган ишкерлердин шарты калыбына келтирилди. Баткен районундагы социалдык объектилерди калыбына келтирүүгө мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттар өз максатына жумшалууда.

Мамлекеттик комиссиянын чечими менен жалпысынан 208 ишкер бекитилди. Чечимге ылайык, бардык ишкерлерге 300 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүлүп, компенсация катары 63 млн сом берилди.