“Манас” аэропортунда жаңыланган бизнес-зал ачылды

«Манас» эл аралык аэропортундагы жаңыртылган бизнес-залы ишке киргизилди. Бул тууралуу аэропорттун маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бизнес-зал 81 адамга ылайыкташкан, эл аралык каттамдарды аткарган авиакомпаниялардын жүргүнчүлөрү үчүн жеткиликтүү.

Бизнес-залдын кызматтарынын тизмеси:

• аэропорттогу каттамдар тууралуу маалымат берүү;

• жогорку денгээлдеги ыңгайлуу жумшак эмерек, күтүү бөлмөсү баардык шарттары менен;

• баардык жуунучу жабдыктары менен жуунучу бөлмө;

• бар жана сувенир дүкөнү (өзүнчө акы);

• шаардык телефон байланышы менен камсыз кылуу;

• орус жана англис тилдеринде иллюстрацияланган журналдарды берүү;

• намаз бөлмөсү;

• акысыз Wi-Fi интернет;

• «шведтик стол» закускалардын жана суусундуктардын түрлөрү менен.

Бизнес-зал аэропорттун стерилдүү зонасында үчүнчү кабатта жайгашкан.