Жалал-Абадда соода-базар комплекстеринин ээлеринин бири кармалды

Жалал-Абад шаарындагы соода-базар комплекстеринин ээлеринин бири И.Н.А ижара акысын негизсиз жогорулатып, кирешесин жашырганы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

КР УКМК тарабынан алдамчылык жана салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча Жалал-Абад шаарындагы соода-базар комплекстеринин биринин ээси КР жараны И.Н.А. кармалды.

И.Н.А. бир нече жылдан бери соода түйүндөрүнүн ижарачыларынын оор абалынан пайдаланып, ижара акысын системалуу түрдө бир тараптуу жогорулатып, макул болбогон ижарачыларды ортодогу келишимди бузуу коркунучу менен алар төлөгөн ижара акысынын иш жүзүндөгү баасын жашырууга мажбурлаганы аныкталды. Ошентип, ал салык отчетторунда азайтылган ижара суммаларын көрсөткөн. Бул жагдайлар боюнча КР УКМКга соода түйүндөрүнүн ижарачыларынан бир нече жамааттык кайрылуулар келип түшкөн.

Узак убакыттан бери жүрүп жаткан схемадан улам айыпталуучу И.Н.А. соода түйүндөрүнүн ижарачылары менен салык органдарынын ортосунда ортомчу болуп, соодагерлер тарабынан төлөнгөн салык төлөмдөрүн алдоо жолу менен өзүнө ыйгарып турган.

Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгында, жеке кызыкчылыгын көздөгөн аракеттердин жана туруктуу коррупциялык схеманын натыйжасында базардын ээси мамлекеттик бюджетке 10 млн сомдон ашык зыян келтиргени аныкталган.

Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктунда (“Алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу”) каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголду.

Кармалган И.Н.А. КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.