Баткендин базарларында товарлардын баасына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы базарларда сатуучулардын арасында социалдык маанидеги товарларга баалардын негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча түшүндүрүү иш-чараларын жүргүздү.

Ошондой эле, бул иш-чаралардын жүрүшүндө «Атаандаштык жөнүндө» жана «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» КРнын мыйзамдарынын нормаларын ишке ашыруунун алкагында түшүндүрмөлөр берилди.

Ушундай эле иш-чаралар Баткен облусунун башка райондорунда дагы өткөрүлмөкчү.