Өзгөндө алмашуу бюронун лицензиясы токтотулду

Улуттук банк тарабынан Ошто жайгашкан Өзгөн району, Куршаб айылы, К. Бекмурзаев көчөсү, 1 а дареги боюнча жайгашкан «Миллион плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын лицензиясы алынды.

Маалыматка ылайык, КРнын мыйзам талаптарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн «Миллион плюс» алмашуу бюросу ЖЧКнын 2021-жылдын 21-июлундагы № 6172 лицензиясынын аракети 2024-жылдын 16-январынан тартып 22-январын кошо алгандагы мезгил аралыгына токтотулду.