2023-жылы айым ишкерлерге 1 943 кепилдик берилген

2023-жылы аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн 940 млн сом суммасында 1943 кепилдик берилген. Бул тууралуу Кепилдик фонду билдирди.

Өткөн жылы берилген кепилдиктердин жалпы санында аялдардын ишкердигинин үлүшү 41% түздү.

Такталгандай, 2023-жылы Кепилдик фонд 940 миллион сомдон ашык суммага 1943 кепилдик берүү аркылуу аялдардын ишкердигин колдоого алган. Кепилдик берүү 2023-жылы ишкерлерге 2.3 млрд сомго жакын кредит алуу мүмкүнчүлүгүн берген.

«Кепилдик фонд» ААК ишмердүүлүгүнүн бүткүл мезгилинде аялдардын ишкердигин өнүктүрүүгө 2.3 млрд сомдон ашык суммага 2984 кепилдик берилип, бул ишкерлерге 6.7 млрд сомдон ашык суммада банктык кредиттерди берген.