Ошто "Бавария" жайкы кафеси бузулууда

Ош шаарынынын Улуттук Кыргыз драма театрынын айланасын ирээтке келтирүү максатында “Бавария” жайкы кафесинин ижарачысы менен түзүлгөн келишимин жокко чыгарды. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Учурда муниципалдык менчиктеги жер тилкесин бошотуу иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, буга чейин ижарачыга келишимдин шарттарын бузгандыгы үчүн эскертүү берилген.

Такталгандай, ишкана Курманжан-Датка, 243/1 дарегинде жайгашкан.