«Берекет Универсалдан» мыйзамсыз жүгүртүүдөн 8.5 миң куту тамеки алынды

Салык кызматынын кызматкерлери ИИМ менен биргеликте Бишкектеги "Берекет Универсал" соода комплексинин аймагында контрафакттык тамекини сатуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Мыйзамсыз жүгүртүүдөн бардыгы болуп 8 миң 545 куту тамеки тартып алынды.

Ишкерлерге карата КРнын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо боюнча иш-чаралар үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлөт.

Эскерте кетсек, акциздик маркалары жок 500 даанага чейин тамеки саткандарга 65 миң сом айып, ал эми 1000 даанадан ашык тамеки үчүн 5 жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.