Эскертүү! Мал базарларга жана мал союлуучу жайларга көзөмөл күчөтүлөт

Ветеринардык кызмат республика боюнча мал базарларга жана мал союлуучу жайларга көзөмөл күчөтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги эскертти.

Маалыматка ылайык, учурда өкмөттүн 2015-жылдын 18-июнундагы «Жаныбарлардын ылаңдарын алдын алуу боюнча биринчи кезектеги ветеринардык-санитардык талаптарды бекитүү жөнүндө» № 377 токтомуна ылайык, тамак-аш коопсуздугун камсыздоо максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте өлкө аймагындагы мал базарларды, мал союлуучу жайларды жана этти кайра иштетүүчү цехтерди ветеринардык-санитардык талаптарга шайкеш келтирүү боюнча тиешелүү иш-чаралар күчөтүлүп жатат.

Ветеринардык кызматтын кызматкерлери тарабынан тиешелүү ветеринардык-санитардык талаптарды сактабаган, көрсөтмөлөрдү толук аткарбаган жана ар бир жарандын ден-соолугуна олуттуу зыян тийгизерине жол берген, юридикалык жана жеке ишкерлерге, мыйзам чегинде чара көрүлөт.

Тамак-аш коопсуздугун сактоо максатында, мындай текшерүүлөр республика боюнча жүргүзүлүүдө. Сапатсыз эт – ар бир жарандын ден-соолугуна олуттуу зыян тийгизерин түшүнүшүбүз керек.