> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# JIAнын ишкерлери Берлиндеги Green Week 2024 көргөзмөсүнө катышты
- URL: https://im.kg/biznes/2024/01/22/jianyn-ishkierlieri-bierlindieghi-green-week-2024-korghozmosuno-katyshty/
- Published: 2024-01-22T06:20:04.000Z
- Updated: 2024-01-22T06:20:03.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**JIAнын ишкерлери КРнын Берлиндеги элчиси Өмүрбек Текебаев менен жолугушту. Бул тууралуу JIAнын маалымат кызматы билдирди.**

Такталгандай, элчилик тарабынан уюштурулган программанын алкагында ишкерлер Рейхстагда болушту. Ошондой эле JIAнын Украина, Польша жана Германия өлкөлөрүндөгү өкүлү Азамат Исмаилов менен жолугушуп, Европанын ишкердик мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты.

19-январда ишкерлер Берлинде өтүүчү “Green Week 2024” эл аралык көргөзмөсүнө катышты. Бул масштабдуу иш-чаранын алкагында JIA өкүлдөрү айыл чарба, тамак-аш өнөр жайындагы жаңы тенденцияларды изилдеп, энергиянын кайра жаралуучу булактары

жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.