JIAнын ишкерлери Берлиндеги Green Week 2024 көргөзмөсүнө катышты

JIAнын ишкерлери КРнын Берлиндеги элчиси Өмүрбек Текебаев менен жолугушту. Бул тууралуу JIAнын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, элчилик тарабынан уюштурулган программанын алкагында ишкерлер Рейхстагда болушту. Ошондой эле JIAнын Украина, Польша жана Германия өлкөлөрүндөгү өкүлү Азамат Исмаилов менен жолугушуп, Европанын ишкердик мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашышты.

19-январда ишкерлер Берлинде өтүүчү “Green Week 2024” эл аралык көргөзмөсүнө катышты. Бул масштабдуу иш-чаранын алкагында JIA өкүлдөрү айыл чарба, тамак-аш өнөр жайындагы жаңы тенденцияларды изилдеп, энергиянын кайра жаралуучу булактары

жана жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жаатындагы актуалдуу маселелерди талкуулашты.