> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Оштогу “Топ спорт" соода жайына эскертме берилди
- URL: https://im.kg/biznes/2024/01/22/oshtoghu-top-sport-sooda-zhaiyna-eskiertmie-bierildi/
- Published: 2024-01-22T07:10:05.000Z
- Updated: 2024-01-22T07:10:04.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Бизнес, #Import 2025-07-22 12:57

**Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы 2024-жылдын 18-январында анын жүрүшүндө спорт товарларын саткан дүкөнгө эскертме берди.**

Такталгандай, “Топ спорт" соода жайында «Жарнак жөнүндө» мыйзамдын 16-1-беренесинин «Сатылган товарлардын баасын төмөндөтүү жөнүндө жарнак» беренесине карама-каршы келген мыйзам бузуулар аныкталган.

Тактап айтканда, арзандатуу жарыясынын башталышы жана аяктоо датасы көрсөтүлгөн эмес. Кыргыз Республикасынын “Жарнак жөнүндө” мыйзамдын талаптары аткарылбаганы үчүн эскертме берилди.