Салыкчылар Аламүдүн базарынан 11.7 миң куту контрафакттык тамеки тартып алды

Салык кызматынын кызматкерлери Бишкектин Аламүдүн базарынын аймагынан тамеки продукцияларын мыйзамсыз сатуу фактысын аныкташты.

Натыйжада мыйзамсыз жүгүртүүдөн 11 миң 733 куту тамеки тартып алынды. Ишкерлерге карата КРнын мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлөт.

Тамеки продукцияларын мыйзамсыз сактоону жана сатууну аныктоо боюнча иштер өлкөнүн бардык аймагында үзгүлтүксүз жүргүзүлөт.