Депутаттар ломбарддардын ишмердүүлүгү боюнча мыйзам долбоорун талкуулашты

Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин   жыйынында «Ломбард иши чөйрөсүндөгү КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору  каралып, экинчи окууда жактырылды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси – министрлер кабинетинин төрагасы. Депутаттардын суроолоруна экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев жооп берди.

Мыйзам долбоору финансылык тейлөө алган керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоого, ломбарддар менен кардарлардын ортосундагы мамилелерди жакшыртууга, кардарларга карыздын шарттары жөнүндө толук маалымат берүүгө, ломбарддык кредит боюнча жол берилген эң жогорку жылдык пайыздык ченди белгилөөгө жана ломбарддардын кредиттик бюролорго маалыматтарды өткөрүп берүү практикасын жоюуга багытталган.

 Талкуу учурунда депутат Карим Ханджеза ломбарддын насыясынын үстөгүн 15%га чейин түшүрүү маселесин көтөрүп, ломбарддарга салык салуу тартибин тактады. Депутат Марлен Маматалиев дагы ломбарддык насыянын жол берилген эң жогорку жылдык  жана орточо эсептелген  номиналдык ставкасын белгилөө механизмдери тууралуу  маселе көтөрүп, пайыздык ченди төмөндөтүү зарылдыгын белгиледи.

Депутат Айбек Алтынбеков ломбарддын насыясынын үстөк пайызы жогору болуп жатканын сынга алды. Депутат Айсаракан Абдибаева ломбарддан алынган насыянын эффективдүү үстөк пайызы жана форс-мажордук жагдайлар боюнча маселе көтөрдү. Депутат Эльвира Сурабалдиева банктан насыя ала албаган жарандар айласыз күрөөканаларга кайрылып жатканын белгилеп, сунушталып жаткан мыйзам долбоору иштебей турганын кошумчалады. Экономика жана соода министри бул мыйзам долбоору боюнча эсеп жүргүзүлүп, компромисстик вариант киргизилгенин белгиледи.