Мамкурулуш «ДСК Азат» жана «Стройсервисплюс» курулуш компанияларын пландан тышкаркы текшерди

Мамкурулуштун Бишкек шаардык архитектура-курулуш көзөмөлү башкармалыгы «Азат» жана «Стройсервисплюс» курулуш компанияларында пландан тышкаркы текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн негизи башкармалыкка келип түшкөн арыздын негиз болгон.

Такталгандай, текшерүүнүн негизги максаты – каркассыз көп батирлүү чоң панелдүү турак жайларды курууда колдонуу үчүн чыгарылып жаткан ири панелдүү темир-бетон буюмдарынын, ошондой эле башка темир-бетон буюмдарынын сапатын көзөмөлдөө.

Башкармалык тарабынан мындан ары дагы ири панелдүү жана ар түрдүү максаттагы башка темир-бетон буюмдарын чыгарууга багытталган башка ишканаларды текшерүүгө алынаары пландаштырууда. 

Мындай текшерүүлөр жалпы республиканын курулуш тармагынын сапатын контролдоо боюнча зарыл чаралардын бири болуп саналат жана келечекте аталган иш-чаралар адаттагыдан көп болот.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча текшерилүүчү субъекттерге өндүрүлгөн продукциянын сапатын контролдоону жакшыртуу боюнча сунуштар берилет.