«Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен кийим тигүүчү ишкана ишке кирди

Жерүй кени жайгашкан Талас облусунун Бекмолдо айыл аймагында тигүү цехи ачылды. Бул тууралуу ишкана билдирди.

Ишкананы ачуу демилгеси «Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилиги тарабынан болгон. Жерүй кениндеги жумушчулардын атайын кийимдерин тигүүчү «Айко Сейко» фабрикасына жергиликтүү аймакка кийим тигүү цехин ачуу сунушталган.

Бир жарым жыл мурун көтөрүлгөн демилге бүгүн ишке ашып, 30дай айыл тургуну иш менен камсыз болушту. Биздин компания жергиликтүү аймактын өнүгүшүнө жана тургундардын иш менен камсыз болушуна кызыктар.

Салтанатуу ачылышка катышкан КРнын президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Дарданов Бекмолдо айыл өкмөтүнүн бюджети эл муктаждыгы үчүн пайдаланылып жатканын айтты.

«Бекмолдо айыл өкмөтүнө каржылык чоң колдоо бул «Альянс Алтын» компаниясы тарабынан болот. Салыктар жана жергиликтүү аймакты жакшыртуу боюнча атайын которулардын эсебинен, айыл өкмөттүн казынасы толукталып турат. Айыл өкмөтү ал каражаттарга дагы бир топ иштерди аткарууда. Компаниянын каражатынын туура багытта пайдалангандыгынын натыйжасында бүгүнкүдөй соцобъектилердин ачылууда», - деди облус башчысы.

Жаңы ачылган ишканада эмгектенип баштагандар, айлык маянасына жана шарттарына ыраазы.