Өткөн жылы ишкерлерге 836 млн сомго жакын кепилдиктер берилген

2023-жылы «Микро, чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо» долбоорунун алкагында Кепилдик фонду тарабынан ишкерлерге дээрлик 836 млн сомдук кепилдик берилген. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Өнөктөш банктар тарабынан ишкерлерге 1.7 млрд сомго жакын кредит берилди.

Дүйнөлүк банктын долбоору Финансы министрлиги тарабынан «Кепилдик фонду» ААКсы менен биргеликте ишке ашырылууда, ал аталган долбоордун алкагында агент катары чыгып, бизнес өкүлдөрүнө портфелдик кепилдиктерди берет.

Бүгүнкү күндө ПТБМдин алкагында Кепилдик фонд өнөктөш банктар менен кызматташуу боюнча сегиз келишимге кол койду. Макулдашуулар Кепилдик фонду тарабынан портфелдик кредиттик кепилдикти берүүнүн тартибин жана шарттарын аныктоого багытталган.