Сүлүктүнүн көмүр өндүрүүчүлөрү Монополияга каршы кызматы менен жолугушту

2024-жылдын 24-январь күнү Сүлүктү шаарында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери, жергиликтүү органдын өкүлдөрү жана көмүр өндүрүүчү ишканалардын жетекчилери менен жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Жыйында Баткен облусунун аймагындагы сатылып жаткан Сүлүктү көмүрүнүн баасы туүралуу маселелер талкууланды.

Талкуу учурунда шахтерлер бүгүнкү күндө материалдарды сатып алууда счет фактура ала албай жаткандары жана кен казуучу кесипкөй кызматкерлердин жоктугун айтып өтүштү.

Андан сырткары экспортко чектөө киргендигине байланыштуу көмүрлөр өтпөй, аба-ырайы жылуу болгон үчүн көмүрлөр күйүп жаткандыгын белгилеп, өкмөт тарабынан жардам берүүнү суранышты.

Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилинде, Баткен облусунун калкына бааны туруктуу кармоого жана көмүрдүн жетишсиздигин камсыздоо максатында, жергиликтүү өз алдынча башкармалыктар менен Сүлүктү шаарындагы көмүр өндүрүүчүлөр тарабынан түзүлгөн келишимге ылайык арзандатылган көмүр менен камсыздоо боюнча чечим кабыл алынды.