Франция Туризм фондунун долбоорлоруна кызыгуу арттырууда

Француз ишкерлерин кызыктырган Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун долбоорлору Франциянын КРдагы элчиси Франсуа Делаус жана Франциянын Казакстандагы элчилигинин экономика иштери боюнча атташеси Винсент Бергер менен болгон жолугушууда президенттин милдетин аткаруучу Кылычбек Рысалиев жетектеген фонддун командасы менен биргеликте талкууланды. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, француз тараптын көңүлү биринчи кезекте фонд курууну пландап жаткан лыжа базаларына бурулду. Коноктор бул долбоорлор Францияда мурдатан эле белгилүү экенин, ал тургай алардын бирин ишке ашыруунун алкагында Кыргызстандын рыногуна чыгууга даяр компаниялар бар экенин белгилешти.

Француз дипломаттарынын КРна болгон кызыгуунун өнүгүшүнө 2023-жылдын октябрь айында Парижде өткөн IFTM Top Reza ири европалык туристтик көргөзмөлөргө катышуусу чоң түрткү берген. Фонддун командасы Кыргызстандын инвестициялык потенциалын көрсөтүп, бир нече ийгиликтүү жолугушууларды өткөрдү.

Француз тарап ошондой эле Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду менен Франциянын Туризмди илгерилетүү агенттигинин ортосунда байланыш түзүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Туризмди туруктуу өнүктүрүү жаатында тажрыйба алмашууга арналган эки тараптын биринчи жолугушуусу март айында Германияда ITB Berlin туристтик көргөзмөсүнүн алкагында өтөт деп күтүлүүдө.

Эки тараптуу кызматташууну талкуулап, жолугушуунун катышуучулары анын дараметин таанып, долбоорго чет элдик инвесторлорду тартуу боюнча биргелешип иштөөгө даяр экендиктерин билдиришти.