Таласта социалдык маанилүү товарлардын бааларына мониторинг жүргүзүлдү

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы Таластагы азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана күнүмдүк керектелүүчү социалдык маанидеги  товарлардын бааларына мониторинг жүргүздү. Бул тууралуу мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, эң негизги социалдык манилүү товарлардын баалары:

·      жергилүүктү 1 сорттогу ундун баасы 50 кг 1550 (Дани), (Яшар) 1725 – 2035 сомго чейин, 1-сорттогу буудай унунан жасалган нан азыктары 1 даана бөлкө нан 20-25 сомго чейин;

·      1 даана тандыр нан   25– 26  сомго чейин;

·      2.5 – 3.2% майлуулуктагы сүт 1 литр 59– 90 сомго чейин, өсүмдүк күн карама майы 1 литр 115 – 175 сомго чейин;

·      кумшекер 1 кг 70 – 90 сомго чейин;

·      күрүч (тазаланган ак) 1 кг 115 – 190 сомго чейин; 

·      тоок жумурткасы 10 даанасы 120 – 142 сомго чейин;

·      жылкы жана уй эти 1 кг баасы 480-500 сомго чейин;

·      кой эти 1 кг 530-540 сомго чейин. Ал эми касапканаларда 350-420 сомго чейин;

Талас шаарынын социалдык көмүр отун базасында жергиликтүү көмүр 1 тоннасына – 5.9 миң сомдон сомдон сатылып жатканы белгилүү болду. Башка көмүр отун базаларында жергиликтүү көмүр салмагы 1 кг эндей – 5.8 сомдон, таңгактоо кызматы менен 1 кг – 6.5 сомго чейин, ал эми импорттук көмүр 1 кг эндей 7.5 сомдон, ал эми каптап бергени – 8.7 сомго чейин сатылып жатканы белгилүү болду.