Дем алыш күндөрү Бишкекте айыл чарба жарманкеси өтөт

2024-жылдын 10-11-февралында Бишкекте кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Жарманкенин максаты - атамекендик өндүрүүчүлөрдүн, агроөнөр жай ишканаларынын жана жеке ишкерлердин айыл чарба продукцияларын сатууга, шаар тургундарына дүң баада жеткирүүдө колдоо көрсөтүү.

Жарманке ар жуманын дем алыш күндөрү өтүп турат. Жарманкеге катышууну каалаган дыйкан, өндүрүүчүлөр 0555 34 60 60 телефон номуруна кайрылып, толук маалымат ала аласыздар.

Жарманкенин дареги:

1-май району (Киев-Раззаков-Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши) – саат 8:00дөн 18:00гө чейин.