Чүй облусу түркиялык «ОСТИМ» менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Түркиянын ОСТИМ өнөр жай зонасы менен кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Бул тууралуу облустук администрациясы билдирди.

Президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Канат Джумагазиев Түркиянын «ОСТИМ» өнөр жай аймагы менен кызматташуу келишимине кол койду.

Келишимге кол коюу Анкара шаарында өткөн Кыргыз-Түрк бизнес форуму учурунда болду. Ыйгарым укуктуу өкүл Канат Джумагазиев Акылбек Жапаров жетектеген өкмөттүк делегациянын курамында Түркияга келди.

Тараптар өнөктөштүк мамилелерди орнотуу жана ар кандай тармактарда инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга багытталган узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү жөнүндө макулдашышты.

Алдыда эки өлкөнүн ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы форумдарды, семинарларды, тегерек столдорду, конференцияларды, көргөзмөлөрдү, жарманкелерди, В2В форматындагы жолугушууларды жана өнөр жай чөйрөсүндөгү башка иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.